Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда мектептер арасындагы «Жылдын мугалими 2017» аттуу конкурстун жыйынтыктоочу этабы

   20-апрель  күнү  Бөкөнбаев атындагы орто  мектебинин  чоӊ  залында  «Жылдын  мугалими  2017» кароо  сынак  конкурсунун  жыйынтыктоочу  акыркы  этабы  болуп  өттү. Конкурска  зоналык  кароо  сынагынан  жеӊип  чыккан   алты  мектеп  катышты. Бул  иш  чарада  мугалимдер  өзүнүн  адистик  чеберчилигин, тарбиячы катары кесиптик  потенциалын  жана  чыгармачылык  тарабынан өздөрүнүн  чеберчилигин  коргозо  алышты. Ошону  менен  бирге конкурсанттар  ырчылык  жана бийчилик талантары  менен  да иш  чаранын  коркун ачышты.

   «Жыл  мугалими  2017» конкурсунда  Токтогул  райондук  кесиптик  бирлик  комитетинин  төрагасы  Т. Исраилов, Райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы

    Д. Сулпукарова  жана  шаардын  мэри  М. Калмырзаев  көрармандардын  катарында  күбө болуп отурушту.

    Конкурстун  жыйынтыгында  баш  байгени  Токтогул атындагы орто  мектебинин  мугалими   Койлубай кызы  Жайнагул  утуп  чыгып,  областык  конкурстун  жолдомосуна  ээ болду.  1-орунга Нургазиев а.о.м., 2-орунга Иманбаев а.о.м. 3-орунга Чаргынов а.о.м. жетишишти. 

    Жеӊүүчүлөргө  Райондук  кесиптик  бирлик комитети  тарабынан  муздаткыч, кир  жуучу  машина,  телевизор,  микроволновка  ж.б.  ушул  сыяктуу  сыйлыктар  тапшырылды.