Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда «Акыркы коӊгуроо» салтанаты

       25-май күнү  бүткүл Кыргызтан жергесиндеги  орто  билим  берүү жайларында  бүтүрүүчүлөрдүн акыркы  коӊгуроо  салтанаты  белгиленди.  Ошонун  ичинде  Токтогул райондук  билим  берүү  бөлүмүнө  караштуу  мектептердин  бүтүрүүчүлөрү  да  четте  калган  жок.  Бөкөнбаев  атындагы  орто  мектебинде бул  иш  чаранын  ачылышын  мектептин директору  Бекматова Зина  ачып  бүтүрүүчүлөрдү  куттуктап   турмуш  жолунда  сапарынар  байсалдуу  болсун  деп  каалоо тилектерин  айтып  кетти.  Андан   кийин  Токтогул  шаарынын  мэри  Калмырзаев Марат Сагынбаевич  сөз  сүйлөп  мектептин  коомдук  иштерине  катышкан,  спорттук  ийгиликтерди  жараткан  жана  окууда  ийгиликтерге  жетишкен  окуучуларды  мэриянын  атынан  ардак  грамота  жана   дипломдор  менен  сыйлады.

      Бул  майрамдык  иш  чарага  20-жыл  мурун  ушул  мектепти  бүтүрүп  кеткен  20-жылдыктар  да  келип   өздөрүнүн  атынан  мектепке  керектүү  жабдууларын  белек  кылып  тапшырышты.  Андан  соӊ   кезек  концерттик  программага  келип,  ушул   мектептин  окуучулары  өзүнүн  ыр, бийлерин  тартуулашты.  Сонунда  акыркы  коӊгуроо кагылып  бул  иш  чара  аягына  чыкты.

     Ушундай  эле  иш  чаралардын  Ормонбеков  атындагы  лицейинде, Данканай  орто  мектебинде  жана  Ибраимов  атындагы  орто  мектептерде  болуп  өттү.

                  Бөкөнбаев атындагы  орто  мектебиндеги  иш  чара

Ормонбеков  атындагы  лицейиндеги  иш  чара

                                 Данканай  атындагы  орто  мектеби