Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда 31-август эгемендүүлүк күнү белгиленди

   31-август  2017-жылы  Кыргыз  Республикасынын  Эгемендүү  мамлекет  болушуна  туура  26-жыл  толду.  Бул  чоӊ  майрам  Кыргызтандын  булун  бурчунда  белгиленип, ошондой эле,  Токтогул  районунда  да  белгиленди.  Майрамдын  башталышы  Токтогул  райондук  администрациясынын башчысы  М. Сатымкуловдун  куттуктоо  сөзү  жана  билим берүү  мекемелердин,  мамлекеттик  ишканалардын жана  организациялардын райондук  борбордук  аянттан  парад  менен  өтүүгө  даярданышы  менен  башталды. Даярдык  бүткөн  соӊ  акырындык  агым  менен  параддын  катышуучулары  журушун  башташты. Параддан  Билим берүү  бөлүмүнүн  жана   Райком  профсоюздун кызматкерлери  өтүштү.

   Бул көрүнүш абдан  кереметтүү  көрүнүш  болду,  көрүп   турган  жергиликтүү тургундардын  майрамдык  маанайын  көтөрүп   айланага  майрамдык  шаӊ  тартуулап  турду.  Ошол  эгемдүүлүк  майрамынан  бир  нече  көрүнүштөргө  көӊүл  буруп  коюнуздар.