Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда 2017-жылдын кезектеги август кеӊешмеси

       Ушул жылдын  29-август  күнү  Токтогул  райондук администрациясынын  чоӊ  залында  кезектеги  август  конференциясы  болуп  өттү.  Бул конференция «Республиканын  туруктуу  өнүгүүсү  үчүн  билим берүү системасындагы  ийгиликтүү  иш  аракеттер жана  жаны  чечимдер»  деген  темада  жүрдү. Билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы  Д. Сулпукарова  чогулуштун  катышуучуларынын  алдына  чыгып  Токтогул райондук  билим  берүү  системасынын  атынан  доклад  окуп  өттү. 

      Андан,  соӊ   чогулушта  жаны  окуу  жылына  карата  жаны  иш  пландары, анын  багыттары  жана   даталары  каралып, иштин  аткарылышын  көзөмөл  кылуучу жооптуу адамдар дайындалды. 

   Ошондой  эле,  чогулушта  үзүрлүү  эмгектенип  жакшы  көрсөткүчтөрдү  көрсөткөн  мугалимдер  унутта  калбай,  «Жылдын мыктылары»  номинациясында 10 мугалимге  билим  берүү  бөлүмү  тарабынан  ардак  грамоталар  жана   сыйлыктар   ыйгарылды.