Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылында жаны Балдар бакчасынын ачылышы

    Токтогул  районунда 5-июнь  күнү  Үч-Терек  айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылында жаны балдар бакчасынын ачылыш салтанаты болуп өттү.  Бул иш чарага билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Д. Сулпукарова жана  райком  профсоюздун төрагасы  Т. Исраилов биринчилерден болуп барып,  салтанаттын ачылышына көрсөтмөлөрүн жана кеӊештерин берип турду.  Иш чарага КРнын Жогорку Кенешинин  депутаты О. Артыкбаев, райондук администрациянын жетекчиси М.Сатымкулов, райком профсоюздун төрагасы  Т. Исраилов жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Д. Сулпукаровалар жергиликтүү элди жана балдар бакчасынын жаны жамаатын куттуктап каалоо тилектерин айтып өтүштү.

    Андан соӊ  кызыл лента  кесилип,  келген коноктор  бала  бакчанын ички бөлмөлөрү менен таанышып чыгышты.

     Азыркы убакта бул балдар бакчасында  16-штат  ачылып 16 адам жумуш  орду менен камсыз болуп кесиптик бирлик уюмунун мүчөсү болушту. Балдар бакчасы Токтогул  райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагына өттү.