Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук профсоюз уюмунун кезектеги семинары болуп өттү

 

Токтогул райондук профсоюз уюму профактивдерди окутуп-үйрөтүү максатында  Мулкубат атындагы орто мектепте – “Мектепте көмөкчү чарбаны өнүктүрүү”.  Эмгекти коргоонун укуктук негиздери жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу. Эмгекке жараша айлык акы кандай негизде төлөнөт. Тоолуу аймактык оор жерлерде жана өмүргө зыяндуу кызматтар боюнча» деген теманын алкагында семинар өткөрдү. Семинарга ар бир мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмдөрүнүн профсоюз уюмунун төрага, төрайымдары катышты. Семинарга Мулкубат атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Бекболеев Орозбек ар бир темага жараша слайд даярдап, алар кызыктуу талкууланды. Биринчи тема «Мектепте көмөкчү чарбаны өнүктүрүү» боюнча слайдында, биздин мектеп быйыл 1 га жерге жүгөрү айдоону баштадык. Мисалы:  1 гектарды айдоого 1сотых = 40 сом 1га = 4000 сом, Агент ачууга
1 сотых = 20 сом 1 га = 2000 сом, Малага 1 сотых=20 сом 1 га=2000 сом, Үрөн жүгөрү 1 кг=15 сом 30 кг=450 сом, Культубаса  салуу 1 сотых=15 сом 1га=1500 сом. Суугат, оруу-чабуу, түшүмдү жыйноо иштерине,  10 000 сом сарпталат. Жалпы 1 га жерге 20 миң сом акча жумшалат. Күздө түшкөн каражат 1 га 1200 боо пая болот  1 боо пая=30 сом 1200 боо пая=36 мин сом, Жүгөрү же даны 1 га 4 тонна дан алат 1 кг=12 сом 4 тонна=48 мин сом. Жалпы 84 мин сом киреше.  Ошондо кеткен чыгым 20 000 сом болсо түшкон акча 84 000 сом болсо биздин мектептин фондуна таза киреше 64 000 сом которулат экен. Бул акчанын кийинки жылга жер иштетүүгө кете турган чыгымын алып калып, калганын мектепти оӊдоо-түзөөгө же мектепке керектүү жаны инвенторлорду алууга жумшайбыз. Бул жер иштетүү семинардын катышуучуларына абдан жакты, жана өзүлөрүнүн «Мектепте көмөкчү чарбаны өнүктүрүү» боюнча ар кандай ой-пикирлерин айтып жатышты. Мисалга алсак мал чарбасын, бактарды отургузууну да кошумчалашты. Кээ бир мектептерде мал чарбасын, бак отургузууну өнүктүргөндөрүн айтышты, жана кирешени ар кандай иш чараларга жана мектепке жумшай тургандарын билдиришти. Калган темалар боюнча да кызуу талкуулар болуп семинар чакан концерт менен аяктады.