Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү кызматкерлери ден-соолугун чыӊдоо максатында бээнин сүтү менен даарыланууда

       2017-жылдын  июнь айынан  баштап  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  ден-соолугун  чыӊдоо  максатында  бээнин  сүтү  менен  дарыланууга  Токтогул  райондук  кесиптик  бирлик  комитети  тарабынан  шарттар  түзүлүп  кам  корулуп  келе  жатат. Мугалимдер жатып  эс  алууга райком  профсоюз  тарабынан  «Ак-Кол»  жайлоосунда 3- бооз  үй, «Итагар» жайлоосунда  4-бооз  үй  тигилип сүт  менен  камсыз  кылуучу жылкычылар менен  келишим  түзүлгөн. Июнь айынын  башынан  баштап  мугалимдердин бээнин  сүтү  менен  дарыланууга  калоочулардын  1-агымы  кабыл алынып  бооз  үйлөрдө  жайгаштырылды. Азыркы  учурда  2-агымдагы  мугалимдер  жайлоодо  бээнин  сүтүн ичип  эс алууда. Райком профсоюздун  өкүлдөрү    4-июль  күнү  эс алып  жаткан  мугалимдер  менен жолугушуп  ал акыбалын  сурап  келүү  максатында  «Итагар»  жалоосуна  барып  келишти.  Мугалимдер  жолуккан  учурда райком профсоюз  түзүп берген  шарттарга жана жүргүзгөн иш аракеттерине ыраазычылыктарын  билдиришти.