Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн ардактуу бухгалтери жана профсоюз уюмунун пленум мүчөсү Сартаева Кумуш эженин эс алууга узатуу жана басып өткөн эмгек жолу

     Сартаева Кумуш Мамыткуловна 1955-жылы 2-июньда Токтогул районунда туулган. 1976-жылы кыргыз улуттук унверситетин  экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1976-жылы Кара-Кол шаарынын соода базасында бухгалтер болуп иштеп баштаган. 1979-жылдан 1986-жылга чейин Фрунзе шаарында «Фрунзе пром товар» борборудук соода борборунун бухгалтериясында  бухгалтер  болуп иштеген.  1986-жылдан 1992-жылга чейин  Токтогул райондук соода базасында бухгалтер болуп  иштеген.  1992-жылдан ушул убакка чейин Токтогул райондук билим берүү бөлүмүндө  бухгалтер болуп  эмгектенди. Бугункү күндө Токтогул райондук билим берүү бөлүмүндө Сартаева Кумуш эженин ордуу чоӊ. Ал өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн жаш адистерге өзүнүн акыл насааты жана иш билгилиги менен бөлүшүп  көптөгөн жаш адистерди жумушка тарткан. Бүгүнкү күндө анын кадрлары ар тармакта иштеп өсүп жатышат. Ал эмгек жолунда  көптөгөн ардак граматалардын жана наамдардын ээси.  

     Эже бүгүн Токтогул райондук профсоюз уюму тарабынан уюшулган узатуу аземинде билим берүү бөлүмүнүн эмгек жааматы менен коштошуп өзүнүн карьерасын аяктап ардактуу эс алуугу чыгып жатат.