Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы мугалимдердин кесиптик майрамы

Салт болуп калган мугалимдердин кесиптик майрамы үстүбүздөгү жылдын   5-октябрында Токтогул районунда райондук администрациянын чоӊ залында райондук билим берүү бөлүмү  жана  райондук билим берүү профсоюз комитети  мугалимдердин бул майрамын белгилеп беришти.  Аталган салтанатка   мугалимдер жана район администрациясы аким баш болгон, андан сырткары жергиликтүү айыл өкмөттөр, мериянын жана ардагер мугалимдер катышышты. Салтанаттуу чогулуш келген конокторго чакан майрамдык концерттик программа менен башталды. Андан сон 2017-2018-окуу жылында Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетишкендиктери боюнча даярдалган слайд келген конокторго көрсөтүлдү. Биринчи куттукттоо соз райондун акими Сатымкулов Майорго берилип ал өз сөзүндө жалпы билим берүү кызматкерлерин майрамы менен  куттуктап, андан сырткары билим берүүдөгү  акыркы жетишкен ийгиликтер менен сыймыктанарын баса белгиледи.

Андан соӊ  райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Сулпукарова Дамира, райондук профсоюз комитетинин башчысы Исраилов Токтомуш андан соӊ  мериянын жана айыл өкмөттөрдүн  башчылары куттуктоо сөздөрүн айтышты.

2017-2018-окуу жылындагы жакшы көрсөткүчү бар мугалимдерге төмөндөгүдөй  сыйлыктар тапшырылды.

  1. Жылдын эӊ мыкты мектеби наамын алган №1 Токтогул атындагы орто мектебине Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин ардак грамотасы жана профсоюз комитетинин казнасынан 5000сом акчалай сыйлык тапшырылды.
  2. Жылдын эн мыкты бала-бакчасы наамын алган №1 «Достук» атындагы орто мектебине Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн  жана райондук профсоюз комитетинин ардак грамотасы жана профсоюз комитетинин казнасынан 5000сом акчалай сыйлык тапшырылды.
  3. 6 мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» тош белгиси жана профсоюз комитетинин казнасынан 1000 сомдон 6000 сом тапшырылды.
  4. 5 мугалимге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин «Профсоюз кыймылынын отличниги»  тош белгиси  жана профсоюз комитетинин казнасынан 1000 сомдон 5000 сом тапшырылды.
  5. 11 мугалимге КР Билим берүү министирлигинин Ардак грамотасы  жана профсоюз комитетинин казнасынан 500 сомдон 5500 сом тапшырылды.
  6. 5 мугалимге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин ардак грамотасы жана профсоюз комитетинин казнасынан 500 сомдон 2500 сом тапшырылды.
  7. 11 мугалимге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинин ардак грамотасы жана профсоюз комитетинин казнасынан 500 сомдон 5500 сом тапшырылды.

 

  1. 98 мугалимге Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин ардак грамотасы жана профсоюз комитетинин казнасынан 300 сомдон 29400 сом тапшырылды.
  2. Андан сырткары билим беруу кызматкерлерине райондук администрация, шаардын мери, айыл окмоттор ардак грамоталарын жана сыйлыктарын тапшырышты.

Андан сырткары баардык катышуучуларды Токтогул райондук профсоюзу тарабынан уюштурулган майрамдык  дастарконго барып сый коруп кетишти.

Майрамдык салтанаттан тартылган сүрөттөр.