Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районуна караштуу №19-Т. Ашыралиев атындагы орто мектебинде профсоюз чогулушу болуп өттү

2019-жылдын  14-январь  күнү Токтогул районунун №19- Т.Ашыралиев  атындагы орто  мектебинде Билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Токтогул райондук комитетинин  иш планына ылайык  “Билим  берүү кызматкерлеринин  укуктук  маданиятын  жогорулатуу  жана  профсоюз  ишмердүүлүктөрүн  активдештирүү”  темасына  билим  берүү  мекемелеринин жетекчилери жана  баштапкы  профсоюз  уюмдарынын төрайымдары үчүн  семинар  өткөрүлдү. Семинарга Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Д.Сулпукарова, профсоюз  комитетинин  төрагасы  Т. Исраиловтор катышышты. Семинар  абдан  кызыктуу  болуп,  билим берүү кызматкерлери  зарыл жана керектүү  маалыматтарга  ээ  болушту.  Өздөрүн  кызыктырган   ар тараптуу  суроолоруна  жоопторун  алышып,  тиешелүү  чечимдер  жеринде  кабыл алынды. Семинарда  докладчыларга жана  уюштуруучуларга  ыраазы  экендиктерин  семинарды  жыйынтыктоо  учурунда  айтып  өтүштү.

 

Материалды даярдаган Исраилов Токтомуш