Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул атындагы №24 жалпы орто билим берүүчү мектеби

     Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы  Токтогул атындагы №24 жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-жылдын  9-март күнү   Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактарындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин  жетекчилеринин жана  кесиптик уюмунун төрага, төрайымдарынын  арасында  “Мектепте  өрт жана техникалык коопсуздуктардын алдын алуу” боюнча  семинар болуп өттү. Бул семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургунбаевич кеңири маалымат берип, мектеп жетексилери тарабынан берилген  көйгөйлүү суроолорго  жооптор алынды. Семинар мектептеги мугалимдердин, окуучулардын жана кенже кызматкерлердин ден-соолугун, өмүрүн,  коопсуздугун сактоо жана ар кандай кокустуктарга жол бербөө максатында болуп, жогорку деңгээлде өттү.  Бизге кеңири маалымат берип, семинар өтүп берген райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы  Дурусалиев Жакыпбай Тургунбаевичке  ыраазычылык  билдиребиз.