Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Тородо АВГУСТ педогогикалык кеңешмеси өткөрүлдү

26-август күнү Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө мугалимдердин август педогогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы З.К.Ажыбаев жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана мугалим, тарбиячылар катышышты.

Мугалимдерди август педогогикалык кеңешмеси “Билим берүүнүн экосистемасы, бирдей жарандык жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо - коомдун туруктуу өнүгүүсү катары” деген темада өттү. Кеңешме 2021-2022 окуу жылындагы жетишкен ийгиликтерди чагылдырган көргөзмө жана мугалимдер үчүн даярдалган концерттик программа менен башталды.  Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жаңы окуу жылы менен куттуктап, райондогу  билим берүү уюмдарында 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштер жана жетишкен ийгиликтер боюнча кеңири мааламыт берип берди.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов,  Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы З.К.Ажыбаев мугалимдерди куттуктап, мамлекет тарабынан билим берүү тармагына жана быйылкы жылы мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын  белгилеп өтүштү.

Жыйынтыгында алдыңкы “Жылдын мыкты”  билим берүү уюмдарына жана мугалимдерге Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети, райодук билим берүү бөлүмү тарабынан “Ардак грамоталар” менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети