Тогуз-Торо жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн тажрыйба алмашуу семинары
2014-жылдын 13-14-июнь күндөрү Тогуз-Торо районуна Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тажрыйба алмашуу максатында семинарга барышты. Ноокендиктерди Арал айыл аймагында салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Семинар эки күндүк болуп, 13-июнь күнү меймандарды тосуп алып, алгач №3 Урустамбеков Бейне, №6 Бирдик атындагы орто мектептери менен жана “Келечек”, “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен таанышышты.
Семинардын экинчи күнү №4 Иманберди уулу Иса, №2 Асан Абдраимов жана №1 Макмал орто мектептеринде улантылып, мектептин мугалимдери тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдү.
“Жылдын мыкты мугалими-2014” кароо-сынагынын катышуучуларынын көргөзмө-куралдарынын көргөзмөсү менен таанышышты.
Семинардын жүрүшүндө “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына карата сахналаштырылган адабий-музыкалык кече көрсөтүлүп, аягында мугалимдердин эс алуусу уюштурулду.
Семинардан делегация көптөгөн жакшы усулдук материалдарды алуу менен өз алдыларына чоң максаттарды белгилешти.
Ноокен райондук билим берүү бөүмүнүн пресс-катчысы: Улан УМЕТОВ