Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА “ЖЫЛДЫН МУГАЛИМИ -2017” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

    Тогуз-Торо районундагы  №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында  2017-жылдын  14-15-апрель  күндөрү  “Жыл  мугалим – 2017”  кароо  сынагынын  райондук   туру   өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр аныкталды. Сынакка 11 мугалим катышып,  кароо-сынактын жобосуна ылайык  мугалимдердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгү, педагогикалык, психологиялык билимдери жана билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарды өздөштүрүүсү жана педагогикалык иш-тажрыйбасын, чыгармачылык, изденүүчүлүк жөндөмдүлүгү бааланып жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыгында №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбеталиева Майрамбү «баш байгени» жеӊип алып облустук этапка катышууга жолдомо алды. Сынактын катышчуларын Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Т.Карагулова. райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев жана айыл округ башчылары куттукташты. «Жыл  мугалим -2017» сынагынын  жеӊүүчүлөрүн райондук  билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин «Ардак грамотасы» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.  Мындан сырткары айыл округ башчылары өздөрүнө караштуу мектептерден катышкан мугалимдерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты.  

Тогуз-Торо райком профсоюзу