Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районунда билим берүү кызматкерлери менен семинар өткөрүлдү.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын эсептөө жана төлөө боюнча райондук билим беруу бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясы  менен бирдикте семинар өткөрүлдү. Семинар 2015-жылдын                        12-декабрында №1 Макмал орто мектебинде өткөрүлүп,  семинарга  райондогу билим берүү уюмдарынын окуу бөлүм башчылары, профсоюз уюмдарынын  төрага (төрайымдары) жана профсоюз активдери катышты. Семинарда билим беруу уюмдарынын  кызматкерлеринин айлык акыларын эсептөө тартиби жөнүндө билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети слайд шоу менен көрсөтүп,  түшүндүрүп  берди. Ошондой эле, билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти А.Бубаев, бухгалтер Бекболот кызы М. тарабынан билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөө боюнча практикалык сабак өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары, семинарды уюштурган билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетине жана райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясына  ыраазычылыктарын билдиришти.

Тогуз-Торо РКП