Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районунда билим берүү кызматкерлер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү

   Билим берүү жана илим кызматкерелер профсоюзунун Борбордук комитетинин “Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы”  боюнча өткөрүлүүчү иш чаралардын негизинде  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Тогуз-Торо райондук комитети  “Спорт ден соолуктун булагы”  деген ураандын астында 2017-жылдын 19-ноябрь күнү билим берүү кызматкерлеринин арасында  волейбол боюнча спорттук оюн уюштурулду. Райондук комитет тарабынан түзүлгөн жобого   ылайык 28 баштапкы профсоюз уюмдарынан спортко кызыккан мугалим, тарбиячылардан түзүлгөн 18 команда катышты.  Жыйынтыгында жеӊүүчү командалар I, II, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Билим берүү кызматкерлер арасында өткөрүлгөн спорттук иш чарага мугалимдер ыраазычылыктарын айтышты.

   

Тогуз-Торо райондук пофсоюз комитети