Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районунда тренинг өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын эсептөө жана төлөө боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясы менен бирдикте семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренинг 2021-жылдын  6-январында №1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде өткөрүлүп,  семинар-тренинге  райондогу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана окуу бөлүм башчылары катышты. Семинар-тренингде билим берүү уюмдарынын  кызматкерлеринин айлык акыларын эсептөө тартиби боюнча райондук билим берүү  бөлүмүнүн  борборлоштурулган бухгалтериясынын эсепчилери слайд шоу менен көрсөтүп,  түшүндүрүп  берди.

              Семинар-тренингди планы боюнча 3 маселе каралды.

  1. Эмгек акынын төлөнүшү, тарификациясынын түзүлүшү, штаттык бирдиктер боюнча түшүндүрүү
  2. Жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын эсептелиниши, табелдин толтурулушу, эмгек акыдан кармалуучу чегерүүлөр
  3. Жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүү кызматкерлеринин квартал сайын берилүүчү дем берүүчү эмгек акысын эсептөө.

Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында семинар-тренингдин катышуучулары, семинар-тренингди уюштурган билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетине жана райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясына  ыраазычылыктарын билдиришти.

Тогуз-Торо райком профсоюзу.