Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районунда август кеңешмеси онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Тогуз-Торо районунда август кеңешмеси онлайн түрүндө өткөрүлдү.

24-август күнү Тогуз-Торо районундагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси онлайн түрүндө өткөрүлдү. Август кеңешмесине билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана усулдук бирикменин жетекчилери катышты.

Август кенешмесинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Иманбердиев 2019–2020-окуу жылында аткарылган иштер жөнүндө кеңири мазмунда баяндама жасады. Август кенешмесине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Кожошов, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору А. Токтосунов, билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап сөз сүйлөштү. Август кенешмесинде өткөн окуу жылында ийгиликтерге жетишкен билим берүү кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында жаны окуу жылынын милдеттери жөнүндө резолюция кабыл алынды.

Тогуз-Торо райком профсоюзу.