Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети.

«Санариптик педагогика» конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүндө «Санариптик педагогика» конкурсунун райондук этабы чыгарылды. Бул конкурска райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринен 18 мугалим катышты. Жыйынтыгы тар чөйрөдө өткөрүлүп, «Санариптик педагогика» конкурсуна катышкан мугалимдерди Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев куттукташты. Конкурска катышкан мугалимдерге “Ардак громаталар” жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. «Санариптик педагогика» конкурсунун райондук этабында жеңүүчү болгон 3 мугалим облустук этабына катышууга сунушталды.

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети.