Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт!

Сүлүктү шаарында 15-февраль күнү Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу аземи Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруусу менен шаардык маданият сарайында өткөрүлдү.

Мекен сакчылары, элибиздин уулдарын куттуктап 1-вице-мэр Б.Ташев жана шаардык кеңештин төрагасы К.Исмаиловдор баш болгон шаарыбыздын жетекчилери катышып, жылуу сөзүн арнап белектерин тартуулашты.

Шаардык маданият бөлүмүнүн таланттары жана Балдар чыгармачылык борборунун жаш таланттары тарабынан концерттик программалар тартуулашты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров да катышып, Билим берүү тармагында иштеп жаткан Ооган ардагерлери К.Мамадиев жана А.Саитовдорго баалуу белектерин тапшырып, жалпы ардагерлерди юбилейлик майрамы менен кызуу куттуктады.

Ошондоэ эле көзү өтүп кеткен ардагерлер да эскерилип, алардын үй бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Майрамдын экинчи бөлүгү Жумабай-Ата тойканасында  сый тамак менен коштолду.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети