Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тестке даярдоо семинары

Чүй районунун жана Токмок шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүу жана илим министрлиги тарабынан Чүй районундагы жана Токмок шаарындагы мектептердеги директорлук ваканттык орундарга конкурска катышып жаткан билим берүү кызматкерлерине алдыда боло турган 2-турдун тестине даярдоо боюнча семинар уюштурду.

Семинарга 2-турга катыша турган конкурсанттар, 1-турга катышып өтуп келген директорлор катышышты.  Семинардын максаты тажрыйба алмашуу, өтуп келгендер менен баарлашуу, ар бир конкурсанттын тестке кандай тартипте даярданып жаткандыгы боюнча пикир алышуу болду.

Семинарда Токмок шаардык билим берүу кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Д.Жумалиева КР "Билим берүү жөнүндө" , "мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдары, билим берүу уюму жөнүндо Жобо менен тааныштырды.

Ал эми Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Наматов КР Конституциясы, КР Эмгек кодекси жөнүндө маалымат берди. Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин директору Э.Бейшембиева тесттин жүрүшү, тест маалында иштөө инструкциялары боюнча маалымат берди. Андан соң конкурсанттар өз ойлору менен, кантип даярданып жатышкандыктары боюнча пикир алмашышты.

Семинарга катышуучулар ыраазычылык билдирип жакшы маанай менен кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Токмок шаарКБКнын төрайымы Д.Жумалиева