Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ТАЖЫ ИЛДЕТИНЕ КАРШЫБЫЗ”

Билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитети  “ тажы илдетинин жайылышына каршыбыз” иш чара  алкагында  2020-жылдын  27-октябры  күнү  райондогу    билим  берүү  мекемелеринде иштеген кызматкерлери үчүн  даярдалган  беткап жана анти септик каражаттарын  Илим, билим кесип бирлигинин  Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана  бухгалтери Султамуратов Таалай болуп  мекемелердин жеринде  кыдырышып тапшырышты. Акциянын    жүрүшүндө бирдиктүү илдетке каршы күрөш жүрүп жаткандыгын жана аралыкты сактоо менен тазалыкка көӊүл буруп иш алып баруу жөнүндө түшүндүрүү иштерине басым жасалып, ар убакта жардамдарды дагы да улантылаарын билдирип кайтышты. Мугалимдер жана тарбиячылар  ыраазычылыктарын айтышып, бул каражаттардын жардамы тийерине жана көӊүл бурулуп жаткандыгын эске алышып мындан аары иштегенге дем, күч болооруна ишенишип С.Камчыбековго  ырахмат айтышып каалоо,  тилектерин  Борбордук  Комитетин  төрагасы  А.Токтогуловко,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  ыраазычылыктарын  билдириштип иштерине ийгилик каалашып баталарын беришти.  

Маалымат берген Султамуратов Таалай.