Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү

    Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун №3 Чангыр-Таш гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектебинде мектеп директорлорунун арасында “Окуу-тарбия иштерин уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу” деген темада райондук семинар өткөрүлдү.

    Семинардын жүрүшүндө мыкты инновациялык сабактар, Билим көргөзмөсү, окуучулардын мыкты эмгектери, мугалимдердин портфолиолору көрсөтүлдү. Андан кийин мектеп алдындагы участокко, күнөсканага, географиялык жана кичи футбол аянтчасына экскурсия жасалды. Мектеп музейи, Манас залы, Ч.Айматов таануу жана мамлекеттик тил кабинеттери семинардын катышуучуларын кайдыгер калтырган жок.  Мектеп директору И.Узаков “Окуу-тарбия иштерин уюштуруу жөнүндө” слайд аркылуу маалымат берди.  Семинардын ишине райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздун райкомунун кызматкерлери катышышты.

И.Узаков - №3 Чангыр-Таш орто мектебинин директору