Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу пландалууда

Баткен областындагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканаларынын эсепчилери үчүн "Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын төлөнүш абалы жана көйгөйлөрү" боюнча райондор аралык тажрыйба алмашуу максатында областтык комитеттин 2021-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен РПК, ШПК төрагаларынын макулдашуусу менен атайын график боюнча март айынын акыркы жумалыгында өткөрүү жагы  пландалууда. Ар бир райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканаларынан өз ара тажрыйба алмашуу максатында;

- мектептердин эсепчилеринен 1 эсепчи

- балдар бакчаларынын эсепчилеринен 1 эсепчи

- экономист

- РПК, ШПКнын төрагасы

- Обл.комитеттен 1 эсепчи

Тажрыйба алмашууга барган эсепчилер тарабынан жыйынтыгында маалымат (справка) жазылып, билим жана илим профсоюзунун Баткен областтык комитетинин президиумунда талкууланат.

Жыйынтыгы Кудай буюрса 2021-жылдын апрель айындагы Баткен областтык комитеттинин президиумунда каралып,сунуш пикирлер эске алынып, РайшаарБББлардын борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилерин окутуу семинарын өткөрүү пландаштырылууда.