Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу менен - ишмердүүлүктүү өркүндөтүү

Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитетинин алдында түзүлгөн Профсоюздук билим берүү Борборунун иш планынына  ылайык профсоюздун  райшааркомдору, баштапкы уюмдарынын  өз-ара  тажрыйба  алмашуулары менен ишмердүүлүктү  өркүндөтүү  иш- чаралары  камтылган.

Иш-чаралардын  алкагында 2018-жылыдын 30-октябры күнү Базар-Коргон райкомунун төрагасы С. Жаркынбаев баш болгон баштапкы уюмдардын өкүлдөрү   Ноокен районундагы  Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу  №3  “Мээрим” балдар бакчасынын  жана Кочкор-Ата шаарындагы №14 Губкин атындагы орто мектебинин  профсоюз кабинетинин жасалгаланышы жана иш кагаздары менен таанышып тажрыйба алмашышты.

Иш- чарада Ноокен райкомунун укук жана эмгекти коргоо  инспектору Т. Бакиров профсоюз ишмердүүлук боюнча баштапкы профсоюздук уюмдардын иштери  менен жакындан  тааныштырып, берилген  суроолорго жооптор берди.

Базар-Коргондук профсоюздук активисттер көп маалыматтар  жана жакшы демилгелүү  иштер  менен таанышкандыгына ыраазы болушту.

 

 

Маалыматты даярдаган

Базар-Коргон райкомунун төрагасы

С.Жаркынбаев