Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тазалыкты өзүңдөн башта

15-сентябрда "Дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата Ноокен районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Анда райондун аймагындагы эс алуучу жайлар (парктар) жана башка мекемелердин айланасы тазаланып, бак-дарактар акталып, эстеликтердин айланасы иретке келтирилип ишембилик жогорку деңгээлде уюштурулду.

Ишембиликке Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин кызматкерлери катышты.

Ошондой эле райондогу бардык мектеп, балдар бакчаларында да ишембилик уюшкандыкта өткөрүлдү. Жалпысынан 2591 адам катышты жана 94 тонна таштанды чыгарылды. Билим берүү уюмдарынын айлана-тегереги тазаланып, иретке келтирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук комитети