Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тазалык - ден соолуктун булагы!

Жалал-Абад шаарына жаз келээри менен байчечекейлерге жарыша бадам гүлдөйт. Айтылуу Жалал-Абад курортун курчай жайгашкан шаарыбыз жашоочулардын камкордугуна бөлөнүп, жазгы тазалоо, жашылдандыруу иштери кызуу башталды.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу имараттары шаардын алты калктуу аймактарында жайгашкан. Окуу жайыбыздын кызматкерлери, студенттеринин катышуусу менен бардык имараттардын айлана чөйрөсүн, шаардын көчөлөрүн, суу арыктарын тазалап, ишембилик уюштурулду. Топтолгон таштандыларды чыгарууга шаардык “Тазалык” ишканасынын эмгекчилери жардамга келишти.

 

Экономика-юридикалык фауультетинин  кызматкерлери, Табигый-техникалык факультетинин окутуучулары ишембиликте.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берүү учуру.

 

 Ишембиликке Жалал-Абад колледжинин жана Медициналык колледждин жамааттары да активдүү катышууда.

Шаарыбыздын "Тазалык" иш канасынын эмгекчилери жардамга келишти.

Шаардын тазалыгына кам көрүү , ар бир жашоочунун ден соолугуна камкордук экендигин туура түшүнүү менен , Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан жарыяланган үч айлыкка активдүү катышып, өз салымыбызды кошолу! Тазалык – ден соолуктун булагы!

 

Даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова