Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таза коом, таза шаар, таза мектеп

Жаз келиши менен айлана тегеректи тазалоо иштери башталат эмеспи. Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мектеп жамааты шаарыбыздын тазалыгына кайдыгер эместигин билдиришип, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн ишембиликтерди уюштурушуп, активдүүлүгүн көрсөтүштү. Айланабыздын тазалыгы шаарыбыздын көркүнө көрк берип, дени сак жашоочуларыбыздын көп болушунан кабар берет. Азыркы пандемия шартында ар бир жаранга кайрыларыбыз өзүбүздүн, көчөбүздүн, айылыбыздын, шаарыбыздын, мамлекетибиздин санитардык абалын жакшыртсак, бул биздин келечекке қам көргөнүбүз болуп эсептелет деп айтып кетмекчибиз.

 

Маалымат даярдаган: кесип бирлигинин төрайымы Н.Сейдилова