Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин авгус кеңешмеси болуп өттү

28-август күнү Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин август кеңашмеси болуп өттү. Бул кеңешме 2 баскыч менен өткөрүлдү. Биринчи баскычында мекеме жетекчилери,предметтик мугалимдер кеңешмелери уюштурулуп, шаардык усулдук бирикмелердин башчылары жаңы окуу планын талкуулоо менен биргеликте мугалимдердин предметтик көйгөйлөрү айтылды. Ал эми экинчи баскычта болсо шаар жетекчилери менен мугалимдердин тегерек столу уюштурулду. Шаардын мэри Р.Асаналиев баштаган жетекчилер катышып, кеңешменин жүрүшүн жергиликтүү “Таш-Көмүр жарчысы” газетасынын редактору С.Каратаев көз салып турду. Тегерек столдун катышуучулары, коноктору менен биргеликте ШБББнүн отчету угулуп,слайддар көрсөтүлүп, 2018-2019-окуу жылына анализ жасалып, ийгиликтер жана кемчилдиктер баса белгиленди. Шаар жетекчилери менен биргеликте мугалимдердин социалдык абалы, коомдогу ролу, кылмыштуулуктун алдын алуу, долбоорлор менен иштөө сыяктуу орчундуу маселелер коюлуп чечүү жактары каралды.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева