Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы уюшулган эс алуу лагеринин өтүшү боюнча.

Вице премер-министр А.Өмүрбекованын балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында шаардык билим берүү болумү менен борборлоштурулган китепкана тармагынын биргелешкен иш чаралары өткорулуп жатат. Бул иш чарага ШБББнун жетектөөчу адиси Асилбек кызы Жыпар жана ШБББнүн усулдук кабинетинин методисти,Шаардык кеңештин депутаты А.Мамасалиева демөөрчүлук кылышты.Бул иш чаранын алкагында 18-30-июлуна чейин  10 күндүк окууну жүргүзүү үчүн №4 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери,№14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектеби,балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдери дайындалган.Ал эми 25-30.06 чейин борборлоштурулган китепкананын китепканачылары жооптуу болушту.Алар балдарга атайын иш чаралардын пландарын тузүп ошол иш чарага ылайык оюн-зооктор жана окуулар уюштурулууда.Бул эс алуу лагери 25 балага пландаштырылган болсо учурда 117 бала катышууда.

Бала менен бала болуп,шамал менен жарышып, бардык аракеттер балдар үчүн гана болууда

№4 Токтогул  Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарбия иштери боюнча  директордун орун басары Г.К.Жумабаева балдарды куттуктап жана кызыктуу пландары менен тааныштыруу учурунда

Эс алуучулар  алгачкы оюндарына даярдыктарды көрүүнүн үстундө.

Таш-Көмур шаарындагы спорт аянтчасында балдар үчүн оюндар уюштурулду

Оюн учурунан бир көрүнүш

Даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева