Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы мектептер 2020-2021-окуу жылына карата эшиктерин ачып,Билим күнүн онлайн форматта белгилешти.

Таш-Көмүр шаарындагы мектептер 2020-2021-окуу жылына карата

эшиктерин ачып,Билим күнүн онлайн форматта белгилешти.

 

Таш-Көмүр шаарындагы мектептер 2020-2021-окуу жылына карата 1-класстарга окуучуларды кабыл алышып,ал эми 2-11-класстар үчүн онлайн форматта Билим күнүн өткөрүшүп,куттуктоолор айтылып,окуучулар аралыктан алгачкы сабактарын адаттан тышкары башташты.

1-класстар үчүн кол жуугуч, тепловизор, мектептин кире беришине хлордонгон килемче жана гигиеналык жана антисептикалык каражаттар,ар бир классты өзүнчө окуу бөлмө менен камсыздалды. Ошондой эле окуучулардын топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууга берилди.Күнүгө сабактар бүткөндөн кийин мектепти, окуучулардын ордун дезинфекциялоо болуп туруу жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилди. Күнүгө бардык окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин дене табын текшерип туруу, атайын журналга каттоо жагы,мектепке мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө талапка ылайык иш жүргүзүүсү белгиленди.1-класстын окуучулары шахматтык түрдө аралыкты сактоо эрежесине ылайык жайгаштырылышты.Ата-энелерге азыркы кырдаалдагы сакталуучу эрежелер жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшту.

Бардык мектептердеги алгачкы 2-11-класстар үчүн алгачкы сабак дистанттык түрдө өтүп,бирок окуучулар мугалимдер менен видео-байланыш аркылуу баар алышты.Билим күнү аралыктан болсо дагы окуучулар кубанычтарын жашыра алышкан жок.

Урматтуу кесиптештер 2020-2021-окуу жылынын башталышы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм.Сиздерге чың ден-соолук,үй-бүлөлүк бакубатчылык,чыгармачылык эргүү,жалпы кыргыз элинин арасында аман болуп,бакубат жашоо сүрүшүбүздү тилеймин.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева