Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы "Күзгү кросс" спорттук иш-чара

Шаардагы маданият үйүнүн алдындагы аянтчага  бүгүн өзгөчө маанайдагы ар кесиптин ээлери чогулушту. Алардын чогулуусунун себеби "Күзгү кросс" марафонуна катышуучулар эле. Алгач ачылышы болуп, шаардын мэри Р.А.Асаналиев сөз сүйлөп куттуктады. Спорттун чеберлери, спортсмендерден сырткары мугалимдер, медиктер, аппарат жетекчилери, шаардын жетекчилери жана окуучулар катышышты. Алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын медицина кызматкелери көзөмөлдөп турушту. №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы  Жуманалиева Гулискан 24-35-жаштагылардын арасынан суурулуп биринчиликти багындырды. Ошондой эле №12 А.С Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Бабатаева Зейнегүл 45-52-жаштагылардын арасынан 3-орунду багындырды. Мындай иш-чаралардын көп болушун каалоо менен жеңүүчүлөрдү шааркомдун атынан кызуу куттуктайбыз!!!

 

 

                Даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева