Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдук сунуштамалар берилди

Таш-Көмүр шаарында жалпы билим берүүчү  мектептерде,  бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдук сунуштамалар берилип,иштөө тартиби менен таанышуу болду.

Жалпы билим берүчүү мектептерде жана бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдуксунуштамаларды берүү жана жеринен таанышуу ШБББнүн башчысы Н.К.Жоошбаев,шаарком Э.Ж.Эгизалиева,усулдук кабинеттин усулчусу Б.Деванаева,жетектөөчү адис Ж.Асилбек кызы менен биргеликте жолугушуу өткөрүлдү.

Бул жолугушууда төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

  1. Эмгекти коргоо боюнча иш берүчүүнүүн негизги милдеттери жана эмгекти коргоодо кесип уюмдары менен түүзүүлүчүү келишимдер.
  2. Кыргыз республикасынын Эмгек кодексинин 6-бөлүмүндөгү эмгекти коргоо жана социалдык өнөктөштүүк боюнча КР нын 2003-жылдын 25-июлундагы № 154 мыйзамынын негизинде жана 2003-жылдын 1-августундагы “Эмгекти коргоо боюнча” КРнын №167 мыйзамдарынын негизинде, билим берү тармактарынын жетекчилеринин (директор, окуу бөлүүмүүнүүн башчыларына) милдеттери
  3. Окуу тармагынын жүрүшүндө эмгекти уюштуруу жана эмгекти коргоо боюнча санитардык-гигиеналык нормаларын жана стандарттарын сактоону камсыз кылуу.
  4. Жумушчу орундарын тиешелү техникалык жабдуулар, эмгекти коргоо боюнча укуктук нормативдик актылар менен камсыз болушу.

 

  

 

Материалды даярдаган Э.Ж.Эгизалиева