Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында реалдуу окуу режими жанданды

2020-жылдын 1-декабрынан баштап Таш-Көмүр шаарындагы мектептерде реалдуу режимдеги окуу жандандырылды. Учурда билим берүү мекемелеринде 1-11-класстын окуучулары сүйүктүү мектебине келишти. Окуучуларды реалдуу окуутуда окуучулардын коопсуздугун сактоо жана аралыкты сактоо менен ишке ашырылууда. Министрлик тарабынан берилген иштөө алгоритими мугалимдер менен тааныштырылып, КОВИД-19 ооруусунун жугуу жолдору жана сактануунун эрежелери көрүнүктүү жерлерге илинип, мугалимдерге жана окуучуларга милдеттүү түрдө беткап тагынып, жеке гигиенаны сактоо жагы милдеттендирилди.Мугалимдердин ден соолугу үчүн кам көрүү иретинде тыкыр көзөмөлдөө күчөтүлгөн.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева