Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында педагогикалык кызматкерлердин январдагы усулдук окуусу уюштурулуп, өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Окуу-усулдук кабинети 2020-2021 окуу жылынын январдагы педагогикалык кызматкерлердин усулдук окуусун өткөрдү. Предметтик мугалимдердин январдагы усулдук окуусу 2021-жылдын 5-январында онлайн форматта, ошол эле күнү бала бакчалардын тарбиячыларынын окуусу №2 "Ак кайың" бала бакчасынын базасында оффлайн форматта өттү. Ал эми мектеп, бала бакча жетекчилигинин окуулары №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинин базасында оффлайн форматта 2021-жылдын 6-январында уюштурулуп, өткөрүлдү.

Мектеп директорлору төмөнкү багыттарда иш алып барды:

  1. Билим сапаты: дистанттык окутуудагы боштуктарды толтуруу боюнча иш-аракеттер.
  2. Педагогикалык долбоорлор: "Энелер мектеби", "Аталар мектебин" киргизүү жана алардын ишин жандандыруу
  3. Педагогикалык алдыңкы тажрыйба: "Мыкты мектеп деректири кандай болот?".

Тренер: Н.К.Жолдошева,  №11 М.Темирбаев атындагы ЖББОМ директору

Бала бакча директорлору төмөнкү багыттарда иш алып барды:

  1. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде алгоритмди сактоо
  2. Бала бакчага кабыл алууну электрондоштуруу маселелери

Андан сырткары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, социалдык педагогдор да өз секцияларында иш алып барышты.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева