Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында билим күнү белгиленди

2-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептерде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп билим уясы болгон мектептер өз эшигин ачышты. Шаардын жетекчилери мектептерге барышып мугалимдерди жана окуучуларды куттукташып, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, билимге чакырган биринчи коңгуроолор кагылды. Шаарыбыздагы №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке шаарыбыздын вице-мэри А.Мойдунова, №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектепке шаардык кеңештин төрагасы С.С.Сансызбаев, ШБББнүн башкы адиси Г.Эргешовалар катышышты. Ошондой эле мектептерде 2019-2020-окуу жылынын билим күнүнө карата биринчи сабактар өткөрүлдү. 1-4-класстар үчүн “Менин досум-компьютер”, 5-8-класстарда “Санарип технологиялары адамдын турмушунда”, 9-11-класстар үчүн “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери” темасында сабактар өткөрүлдү.

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева