Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында 8-март- Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө 2021-жылдын 5-мартында 8-март – Аялдардын Эл аралык  күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин,мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин,мектептен тышкаркы уюмунун айымдары чакырылып,кесиптик бирликтин облустук комитетинин жана  шаардык комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Аталган аземге Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Кудайбердиев жана шаардык мэриянын 1-вице мэри

Ө.Бабатаев, ШБББнүн башчысы Н.К.Жоошбаев,билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева катышып, куттуктоолорду, каалоо тилектерин айтышты. Салтанаттын соңунда мырзалар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

  

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева