Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу шаардык билим берүү бөлүмү 2020-2021-окуу жылына карата Август кеңешмесин 2 этап менен өткөрдү.

Таш-Көмүр шаарына караштуу шаардык билим берүү бөлүмү

2020-2021-окуу жылына карата Август кеңешмесин 2 этап менен өткөрдү.

2020-жылдын 21-августунда шаардык билим берүү бөлүмүнүн кезектеги август кеңешмесинин биринчи этабы болуп өттү.Ал эми экинчи этабы 25-августка пландаштырылган.Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн Август кеңешмеси жылдагыдан айырмаланып онлайн форматында уюштурулду.Бул кеңешмеде бардык преметтерден шаардык методикалык бирикмелеринин башчылары тарабынан Зуум программасы аркылуу аралыктан өткөрүлүп,бардык предмет мугалимдери катышышты.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн медот.кабинетинин методисттери менен биргеликте төмөнкү маселелер каралды:

1.2020-2021-окуу жылына карата предметтик стандарттарды жана окуу планын талкуулоо

2.Жаңы окуу жылында бардык предметтер боюнча окутуунун программалары жана милдеттери.

3.Дистанттык окутууну сабактарда уюштуруу,видео-сабактарды иштеп чыгуу,кайтарым байланышты окуучулар менен уюштуруу.

Бул кеңешмеде аралыктан окутуудагы кыйынчылыктар,интернет булагы менен иштөө,мугалим менен окуучунун ортосундагы кайтарым байланыш түзүүдөгү көйгөйлөргө көңүл бурулуп,чечүү жолдорун талкуулашты.Жаңы окуу жылына карата милдеттерди кабыл алышты.

 

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева