Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу №1 “Мишутка”мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кесиптик бирлигинин жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы

№1 «Мишутка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кесиптик бирликтин төрайымы Мээрим Мүсуралиева өзүнүн отчётунда аткарган иштери боюнча жамаатка бир жылдык отчёту менен тааныштырды. Жалпы эмгек жааматы 19 кызматкерден турат.

Күн тартибинде:
1. Кесиптик бирликтин бир жыл ичинде жүргүзүлгөн иштеринин отчету.
2. КОВИД-19 пандемия шартында кесиптик бирликтин ишмердүүлугү
3.2021-жылга карата жылдык иш планды талкуулоо жана кабыл алуу,сметаны бекитүү
4. Ар түрдүү маселелр

Рагламетти бекитүү:
1 - Маселе «10» минута.
2 - Маселе «10» минута.
3 - Маселе «15» минута.
Жарыш сөзгө - «2» минута.

Угулду: №1 «Мишутка» бала бакчада кесиптик бирлигинде бала бакчанын башчысы, төрт тарбиячы, бир орус тилчи жана бир мед айым,бир чарба иштери боюнча башчы, бир музыкант,он кенже кызматкер окуу жылынын башында түзүлгөн эмгек келишим боюнча берилген жумалык сааттары менен үзүрлүү эмгектенип келишти. Бала бакчада бир жылдык иш план түзүлүп ,ошол пландын негизинде иш жүргүзүлдү. Бала бакчанын директору тарабынан эмгек келишим түзүүдө сааттарды бөлүштүрүүдө көзөмөл жүргүзүлүп иш алып барды. Эмгек жамааттын айлык акысынан мына ушул бөлүнгөн акчаны сметада кабыл алынгандай майрамдарга, юбилярларга жана пандемия учурунда аз камсыз болгон кызматкерлерди колдоо багытында иштетилди.


Жай мезгилинде өлкөбүздө жаралган (COVID- 19) пандемияга байланыштуу эс алуу учурунда карантин болуп ,бөлүнгөн каражатты «Таш-Көмүр – Садага биримдигине» жардам катары котордук. Ошондой эле юбиляр кызматкерлерге атайын уюштурулган сый белектер тапшырылды. 2020-жылдын 21-октябрында обком тарабынан өткөрүлүп жаткан «Карыяларды кадырлоо» акциясы улантылды. Биздин жамаат азык-түлүк алып, карыяларга тапшыруу менен ыраазычылык алышты. Коомдук иштерге активдүү катышып ,жаш муундарды тарбиялоодо ийгиликтерге жетишкен «Мандалак» тайпасынын тарбиячысы Ч.Борбиева Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш- Көмүр шаардык комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. 2020-жыл «аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында» Биргеликте балдар үчүн «Тилектештик пандемияга караганда күчтүү» деген темада алып барган иштери боюнча слайд менен коштолгон онлайн фестиваль болуп өттү. Шаардык баскычында, кошкон салымы менен активдүү катышкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошундун төрайымы Э.Эгизалива тарабынан М.Д.Мусуралиева Ардак грамота менен ал эми диретор Г.Кубанаева «Ыраазычылык кат» жана акчалай сыйлык менен сыйлады. Жыл ичинде эмгек жамааттан курортко жолдомо алгандар №1 «Мишутка» бала бакчада көп жылдан бери эмгектенип келген даярдоо тобунун тарбиячысы: Айдаралиева Б. Жалал- Абад областында жайгашка курортко барып эс алып ден соолугун чыңдап келди. Мындан тышкары: Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошундун төрайымы Э.Эгизалива пандемия учурунда кыйналып жетишпей жашаган кызматкерлерге азык-түлүк жактан жардам берилип жана жалпы эмгек жамаатка маска менен антисептик таркатып жардам көрсөттү. Кыйын кырдаалда өз жанын аябай жардам бергендиги үчүн жалпы жамаат Э.Эгизалиева ишиндеги ийгиликтери үчүн терең ыраазычылык билдиришти, ишине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалашып, алкыш жарыялашты.

Материалды даярдаган: №1 «Мишутка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кесиптик бирликтин төрайымы Мээрим Мүсуралиева