Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мектеп жетекчилерине материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.

Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мектеп жетекчилерине материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.

Быйылкы окуу жылынын аякташы менен Таш-көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 14 мектептин 244 бүтурүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөгө катышышты.Бул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен шаардагы 3 мектептин бүтурүүчүлөрү жогорку балл алгандыгы үчүн шаардык мэриянын резервдик фондунан 10000(он миң)сом акчалай каражат менен сыйланышты.№14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектеби директору Н.Атаярова, №2 К.Осмонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби директору Ш.Бегбаева,№6 Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби директору Н.Макелеева шаардын мэри Р.Асаналиевдин жеке куттуктоосуна арзышты. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Эргешова билим берүү бөлүмүнун жана мекетеп жетекчилеринин атынан ыраазычылык билдирип.алдыда дагы чоң жетишкендиктерге жетүү милдеттери,максаттары жөнүндө айтып өттү.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева