Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык комитеттин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчылары элибиздин башына түшкөн кыйынчылыкка кайдигер карабай жигердүү жардамдарды көрсөтүштү.

Таш-Көмүр шаардык комитеттин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчылары элибиздин башына түшкөн кыйынчылыкка кайдигер карабай жигердүү жардамдарды көрсөтүштү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун лидерлери жана башатапкы профсоюз уюмунун башчылары биргеликте “Мугалимдерден элге жардам”демилгеси менен чыгышып,колдорунан келишинче каражат топтоп жергиликтүү медициналык уюмдарга акча каражаттарын тапшырышты. №2 “Ак кайың”бала бакчасынын жамааты профсоюз уюмунун башчысы А.Мырзаканова 4000 сом,№8 М.В.Фрунзе орто мектеби 11500,№6 “Наристе”бала бакчасы профсоюз уюмунун башчысы Э.Чолпонкулова 2000 сом,№5 В.И.Ленин атындагы орто мектеп профсоюз уюмунун башчысы А.Сманова 6400 сом,№1 Н.Островский атындагы орто мектеп профсоюз уюмунун башчысы Э.Асанова 9000 сом педжамааттары менен биргеликте топтоп тапшырышты.Мындай иш аракеттер менен кооммдук иштерге активдүү катышууда профсоюз уюмунун ролу чоң экендигин белгилешти.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева