Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүндө жаш, демилгелүү жетекчи

Нурбек Кочкорович Жоошбаев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай шаарчасында 1988-жылы 30-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 1995-2004-ж. Таш-Көмүр шаарындагы азыркы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, 2004-2007-ж. Ноокен районундагы 108-Кесиптик лицейдин "айыл чарба өндүрүшүнүн устаты" адистиги боюнча  күндүзгү бөлүмүн, 2007-2013-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Адистиги тарых мугалими. Эмгек жолун 2006-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов  атындагы орто мектебинде эмгек мугалими болуп баштаган. 2010-2013-жылга чейин Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгына көтөрүлүп, жигердүү иштеген. Ал эми 2013-2014-жылдары Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис  кызматын аркалаган. 2015-жылы "Жылдын мыкты мугалими -2015" сынагынын шаардык, облустук турларын жеңип,  республикалык турдун активдүү катышуучусу. 2015-2016-ж. Таш-Көмүр шаарына караштуу М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору кызматын аркалаган.

2016-ж. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Окуу-усулдук кабинеттин башчысы. 2017-2019-ж. Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары; 2019-жылдын 17-декабрынан 2020-жылдын 26-декабрына чейин  А.С. Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору кызматын аркалаган. Билим берүү тармагында 14 жылдан бери талыкпай иштеп келатат.Нурбек Кочкорович өзүнүн эмгек жолунда жаш экендигине карабай билим берүү тармагында жигердүү эмгеги менен тааныла алды. "Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун ишин жүргүзүү" аталышындагы усулдук колдонмонун, 10дон ашык илимий-публицистикалык макалалардын автору. Илимий-Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун  атасы.

2019-жыл.Н.Ибраеванын 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын катышуучусу.

      Нурбек Кочкоровичтин билим берүү бөлүмүнө башчылык кызматына дайындалышы менен бирге өзүнүн жигердүүлүгүн, жаңы идеясы менен тармакта бир топ жаңылыктарды киргизет деген үмүттөбүз.

        Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунунТаш-Көмүр шаардык комитетинин атынан Нурбек Кочкорович Жоошбаевдин жаңы кызматы менен куттуктайт. Ишине чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакубатчылык!

 

Материалды даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Таш-көмүр шаардык комитетинин

төрайымы Эгизалиева Элмира Жаркынбековна