Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1”Мишутка” бала бакчасынын профсоюздун баштапкы уюмунун башчысы жылдын жыйынтыгын чыгарды

Биздин бакчада 2018-2019-окуу жылындагы аткарылган иштер боюнча жыйынтык чыгаруу үчүн 4-декабрь күнү атайын жыйналыш уюштурулду.

Бала бакча боюнча жалпы маалымат:

Таш-Көмүр шаарына караштуу “Түндүк”аймагында жайгашкан  №1 “Мишутка ”балдар бакчасы жайгашкан.Бул бала бакчанын курулганына чейрек жылдар өтсө дагы бул аймактын жашоочулары үчүн кызматын өтөп,ата-энелердин,мектепке чейинки жаш балдардын сүйүктүү жайына айланган.Албетте, бул бала бакчанын  тарыхында көптөгөн кыйынчылыктар болуп өттү.Сөз башынан болсун, “Мишутка”балдар бакчасы 1941-жылы 120 балага ылайыкташтырылып курулган.Ал эми азыркы учурда 130 бала тарбияланып жатышат.

Союз ураганы бул бала бакчага дагы кесепети тийбей койгон жок.Бакчанын жылуулук системасы жарактан чыгып,1996-жылы таптакыр токтотулганКөп жылдар бою электр жылыткычтар менен жылытылып келинген.Бирок 38 жылдан бери тынбай ысыгына,суугуна күйүп иштеп келе жаткан  “Мишутка ”балдар бакчасынын директору Кубанаева Гүлай эжекенин эмгеги зор.Бир эле жылуулук системасы эмес ажаатканасы дагы иштен чыккан эле.Көрсө адам коркчудай болгон,чатырынан суу тамган,таптакыр шарты жок бала бакчаны учурда проект жазуу менен жамааттык келишимдердин  негизинде бир топ иштер аткарылды.

Мисалга ала кетсек:2015-жылы жергиликүү бюджеттин негизинде чатыры алмаштырылды,365 миң сомдук акча каражар бөлунүп жаңы ажааткана 53 метр коргону менен курулду,шаардык ишке орноштуруу жана миграция бөлуму тарабынан 35 миң сомдук навес ,ал эми 1996-жылы токтотулган  жылуулук системасы быйылкы жылы кайра шаардык  “Жылуулук”ишканасы тарабынан борборлоштурулган жылуулук системасына туташтырылып берилди.

Баштапкы профсоюз уюмунун башчылыгына жаңы шайлануу менен быйылкы жылы   Жаштар кеңешинин ар кандай иш чараларына активдүү катышып,тажрыйба топтоп келдим. Ысык-Көл облусунда жайгашкан  “Красная Гвоздика”пансионатында өткөрүлгөн  облустук семинарга ,19-ноябрда Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин облустук семинарында катышып алдыга жигердүү кадам таштоого түрткү болду.

Биздин жамаат ар кандай коомдук иштерге активдүү катышуу менен жайкы эс алууну жогорку деңгээлде уюштурулду.Быйылкы эс алууну Сары-Челек көлүнө жана  “Арсланбапка “ эс  алуу уюштурулуп мыкты эс алып кайтышты.

Жыл жыйынтыгын чыгаруу менен профсоюз уюму тарабынан бала бакчанын башчысы Г.Кубанаевага,ишиндеги ийгиликтери үчүн Б.Айдаралиевага алкыш жарыяланды.

 

Материалды даярдаган:

“Мишутка”бала бакчасынын профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысы

Мээрим Мсүралиева