Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү COVID-19 илдетинин кесепетинен бир кызматкерин жоготту.

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү COVID-19 илдетинин кесепетинен

бир кызматкерин жоготту.

Сейитбекова Элиза Эркинбековна 1981жылы 19-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында дыйкандын уй-булөсундө жарык дүйнөгө келген.Уй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу, 3кыз 4 бала.

1998-жылы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин аяктап, ошол эле жылы ЖАМУ ТТФнын "Экономика" бөлүмүнүн "Бухгалтердик эсеп жана талдоо" адистигин ийгиликтуу аяктаган.

2006-2007 - окуу жылында№7 Кожобек Кузембаев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун башталган .Өз билимин өркундөтүү максатында 2015- жылы ЖАМУ ТИПИ нын Педагогика бөлүмүнө тапшырып 2018-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2017-2018-окуу жылында аты аталган мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп дайындалган. 2018-2019-окуу жылында “Жылдын мыкты мугалими-19” сынагына катышып гранпринин ээси болуп ,облустук сынакка жолдомо алган.Ошол эле жылдын май айында облустук сынакта "Жылдын мыкты сабагы" номинациясына ээ болгон. Эмгек стажысы12 жыл.Аркасында1 уул,. 3 кызы калды.

 

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Сейитбекова Элиза Эркинбековна 2020-жылдын 20-июль күнү 39 жаш курагында дүйнө салды.