Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТАРИФИКАЦИЯ КАНТИП ТҮЗҮЛӨТ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган эсепчилердин жана директорлордун семинарына катышкандар ушул маселе боюнча кеңири маалымат алышты. Семинар “Кызмат акы төлөөнүн жаңы системасына ылайык мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде педагогикалык  жана көмөкчү кызматкерлердин эмгегин тарификациялоо жөнүндө” деп аталып, аны ачуу менен Баткен облустук комитеттин төрагасы З.Н.Бөтөков билим берүү кызматкерлеринин кызмат акыларын жогорулатуу боюнча тармактык кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сунушу  менен КР Жогорку Кеңеши жана КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди жана семинардын ишине ийгилик каалады. 

Семинардын жүрүшүндө “Билим берүү кызматкерлерине

кызмат акы төлөөдө кайсы ченемдик-укуктук актыларды жетекчиликке алуу керек? (Мажилимов О. – райБББнын  башчысынын орун басары)”, “Тарификациялоону жүргүзүү үчүн кандай документтерди даярдоо керек?

(Абдирашитова Г. – райБББнын башкы эсепчиси)”, “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин кызмат акысына кирүүчү кошумча төлөмдөр жана үстөктөр жөнүндө  (Жумаев Т. – РКПнын төрагасы)”, “Билим берүү мекемесинде педагогикалык кызматкерлердин жүктөмүн бөлүштүрүүдө эске алуучу жагдайлар (иш тажрыйбадан). (Акматбекова Б. – Б.Нарматов а.о.м. директору)”, “Тарификацияны туура түзүү үчүн эмнелерди эске алуу керек?(Өмүрзакова А. – Б.Байназаров а.б.м. директору)” деген темаларда баяндамалар угулду.

Белгилей кетүүчү жагдай, С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинин эсепчиси А.Набиев мектеп жетекчилеринин, мугалимдеринин, тарбиячыларынын жана көмөкчү техникалык кызматкерлеринин эмгегин тарификациялоо боюнча өзүнүн иш тажрыйбасынын негизинде практикалык сабак өткөрдү.

Баяндамалардын жана практикалык сабактын жыйынтыгы менен катышуучулар үч топко (башталгыч мектеп, орто мектеп, гимназия мектеби) бөлүнүшүп, мектептердин өзгөчөлүктөрү боюнча тарификация жүргүзүп машыгышты.

Семинардын катышуучуларына билим берүү кызматкерлеринин эмгегин тарификациялоодо жана  кызмат акы төлөөдө жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылардын пакети тапшырылды. Семинардын жүрүшүндө түшүнбөстүктү пайда кылган суроолор такталып, тармактык кесиптик бирликтин Борбордук комитетине жана КР Билим жана илим министрлигине түшүндүрмө берүү үчүн жөнөтүү чечими кабыл алынды. Райондук комитеттин кийинки семинары октябрь айында мектепке чейинки билим берүү борборлорунда кызмат акы төлөөнүн өзгөчөлүктөрүнө арналмакчы.

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен райондук

 комитетинин жетектөөчү адиси                                                Б.Абдыразакова