Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тарбиянын эн мыкты мектеби-үй-бүлө

Тогуз-Торо районунун №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 14-декабрь күнү “Тарбиянын эң мыкты мектеби-үй-бүлө” деген темада райондук деңгээлде  семинар өткөрүлдү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райкомдун төрагасы, метод кабинеттин башчысы, мектептердин класстан тышкаркы уюштуруучулары жана класс жетекчилери катышты. Семинардын максаты ата-энелердин окуу процессинин уюшулушуна, мектептин  иш чараларына катышуусун активдештирүү жана үй-бүлөдө окуучу үчүн жагымдуу маанай түзүүгө, окуучунун коомдогу ордун аныктоодо ата-энелердин милдетин артыруу. Катышуучулары  семинардын жүрүшүү боюнча өздөрүнүн ой пикирлерин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.  

№10 Азамат уулу Калдыбай орто мектебинин

профкому Э.Алымбеков