Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тарбиячылар таймашы

2021-жылдын 30-мартында Ат-Башы райондук Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги жана Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте Райондогу бала бакчалардын тарбиячылары жана музыканттары арасында "Мыкты тарбиячы, Мыкты музыкант 2021" аттуу кароо сынактын 2-туру өткөрүлдү.

Кароо сынакта 1-турда женген 8 тарбиячы жана музыкант мугалимдер арасында таймаш жүрдү. Кароо сынакка коюлган шарттарда мыкты упай топтогон тарбиячы музыканттар жеңүүчү деп табылды.

Алар: тарбиячылар арасында гран-при Б.Бекташева - А.Курманалиев бала бакчасы
1-орун А.Исакбаева - Кембил булагы б.б.
2-орун А.Тулобердиева - Муса к Бейшегул б.б.
3-орун Т.Акымбаева - С.Исраилов б.б.

Музыка мугалимдери арасында
1-орун Ш.Мамаканов - А.Кыдыралиева б.б.
2-орун Ч.Ибраева - Ырыскы Талды-Суу б.б.
3-орун Ч.Абдылдаева - С.Исраилов б.б.

Жеңүүчүлөргө РПК жана РайООнун баалуу сыйлыктары жана грамоталар тапшырылды. Калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

 

 

Материалды даярдаган: Ат-Башы РПКнын төрагасы К.Керималиев