Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тарбия берүү - бүткүл элдик иш

Азыркы учурдун актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болгон жаш муундарды туура тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн окууга болгон кызыгуусун ойготуу, бош убактыларын туура колдонуу формаларын көзөмөлдөө, материалдык жана акыл-ой керектөөлөрүн камсыздоо, ата-энелерге, мектеп жамаатына жана камкорчуларга түздөн-түз тиешелүү экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан аларга коомчулук менен биргеликте  кам көрүү максатында Ноокен райондук прокуратурасы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  кызматкерлери менен биргеликте "Тарбия берүү-бүткүл элдик иш" ураанынын астында райондогу 44 жалпы орто билим, 6 негизги билим берүүчү мектептердин окуучулары менен жолукту.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев жана Ноокен районунун прокурору З.Жумабеков бүтүрүүчү класстар менен адеп-ахлак, азыркы учурдагы жаштардын жүрүм-туруму боюнча баарлашып, кесип тандоо багытында бир топ суроолорго жооп беришти.

 

Педагогикалык жамааттар жана окуучулар тарабынан "Адепсиздик – кылмыш”, “Кылмыштын акыры жаза", "Мыйзамды билбегендик сени жоопкерчиликтен куткарбайт", "Адамдын тынчтыкта жашоого укугу", "Тынчтык куруучулары" "Жолдон абайла", "Айдоочуга кат"-деген темада өткөрүлгөн тегерек стол, сүрөт , видеоролик, сүрөт сынактарына,  окуучулардын талкууларына катышып,  кызыктуу дил маек курушту.

Окуучуларга жаш кезинде калыптанган нерсе бүткүл өмүрүнүн пайдубалы болуп калат эмеспи! Ошондуктан иш аракетибиздин максаты ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарова