Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таластык мугалимдер эс алып келишти

2021-жылдын 6-августунан 11-августуна чейин Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан “Красная гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда Талас район, шаарынан 20 мугалим, Талас областынын 4 районунан жана шаарынан жалпы 56 мугалим, ал эми Сокулук районунан 18 мугалим «Красная гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышты. Эс алуу күндөрү 5 район ар бир күнү ыр кесе уюштуруп, бий жана ыр, күлкү менен коштолуп эс алуу борборун шаңга бөлөдү. Эс алуу абдан жогорку деңгээлде өттү. Эс алуу учурунда 3 маал ысык тамак берилип, күнүгө эртең менен 1 саатка Кажы-Сай айылында жайгашкан ысык сууга түшүүгө акысыз алып барып жатышты. Эс алуучулар үчүн ынгайлуу жана пайдалуу болду. Көлдүн жээгине барып, сууга түшүп, убакыт кызыктуу жана жагымдуу көз ирмемдер менен коштолуп жатты. Андан тышкары мугалимдер Жети-Өгүз, Барскоон, Туздуу көл ж.б жерлерде болушуп жер көрүп, эс алып келишип, Кыргызстандын ушундай кооз жерлеринде эс алгандыктарына абдан ыраазы болушту.

Бардык мугалимдер жана тарбиячылар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришти.