Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Талас шаардык билим берүү профсоюз комитетинин 1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо» күнү боюнча билдирүүсү

 

Талас шаары                                                                   29.05.2014.

 

 

      Талас шаарында сегиз бала-бакча бар, алардын экөөсү 2013-2014 окуу жылы №16 «Баластан» жана №17 «Балажан» бала-бакчалары экс-президентибиз   Отунбаева Роза Исаковнанын демилгесинин негизинде, кыска мөөнөттөгү  альтернативдик багытта ачылды.

      1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата Шаардык билим берүү тармактык профсоюз комитетинин атынан жаӊы ачылган балдар-бакчага оюнчуктарды, канц.товарларды белек кылып тапшырды.(Телевидениге  тартылды)

      29-май күнү Талас шаардык  билим берүү тармактык профсоюз комитетинин атынан шаарыбыздагы №10 «Балапан» балдар бакчасына барып, кичинекей бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, балдардын майрам күнүнө даярдалган концертин көрүп, белек, бал муздактарды  тапшырды.

      Ушул эле күнү Талас шаардык  балдар музыкалык мектебинде окуучулар үчүн «Алтын куш» жомогу  бекер көрсөтүлдү. 

     30-май күнү шаарыбыздын МЭРи Кушубеков Анарбек Канатович  балдар үчүн даярдаткан  шаардык деӊгээлдеги иш чарага катышуу менен бирге Талас шаардык билим берүү профсоюз комитети өз салымын кошууда.

 

 

   Даярдаган:

 

Талас шаардык профсоюз

комитетинин төрайымы:                                                          Ф.А. Батырбаева